Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкектеги күндүзгү стационарларга кайрылгандар азая баштады, - мэрия

20.07.2020 12:15
1655
Бишкектеги күндүзгү стационарларга кайрылгандар азая баштады, - мэрия

Күндөн-күнгө күндүзгү стационарларга кайрылгандар азая баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, бир жума мурун күндүзгү стационарлар күнүнө 5 миңдей адамды кабыл алса, кечээ, 19-июлда тамчылатып дары, ийне, медициналык кеңеш үчүн 3 миң 489 адам кабыл алынып, 16 адам ооруканага жаткырылды.


"19-июлга карата күндүзгү стационарлар 57 миң 725 адамды кабыл алды, анын ичинен 38 миң 333 адам  тамчылатып дары, 14 миң 103 адам  медициналык кеңеш алып, 279 адам ооруканага жаткырылды.


19-июлдан 20-июлга караган түнү түнкү стационарлар 665 адамды кабыл алып, бир адам ооруканага жаткырылды. Беш түндүн ичинде 3 миң 74 адамга медициналык жардам көрсөттүк. Бактыга жараша, түнкү жана күндүзгү кезмет учурунда каза болгондор катталган жок", - деп айтылат маалыматта. 


Шаардык ишкерлердин жардамы менен стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен камсыз болуп, дарыкана пунктары ачылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн