Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкектеги Мессарош көчөсү оңдоодон кийин ачылды

16.06.2022 14:13
712
Бишкектеги Мессарош көчөсү оңдоодон кийин ачылды

16-июндан баштап Мессарош көчөсү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Эми айдоочулар жана жарандар туурасы 9 метр болгон дагы бир жаңыланган көчө менен жүрө алышат, ал эми жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн туурасы 1,5 - 2,5 метр тротуар курулду.


Жол куруу иштери ирригациялык тармактарды жаңылоону эске алуу менен жүргүзүлүп, жолдун эки тарабына ирригация орнотулуп, эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлдү.


Жолдун жалпы узундугу 654 метрди түзөт.


Белгилей кетсек, түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте оңдоо иштерин жүргүзүүгө тоскоол болгон 14 капиталдык имараттар жана тосмолор бузулду.


Иштерди подрядчы – «China Road and Bridge Corporation» компаниясы «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жана Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн