Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте жаңы автобустар жол эрежесин бузгандарды каттайт

02.10.2023 16:27
400
Бишкекте жаңы автобустар жол эрежесин бузгандарды каттайт


Эми Бишкектеги автобустар жол эрежеси бузулганын каттай баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Ага ылайык, ордо калаада жаңы автобустарга камералар орнотулган. Пилоттук долбоордун алкагында муниципалитеттин кызматкерлери жол эрежесин бузуу фактысы бар-жогун аныктоо үчүн видеолорду көрүп чыгат. Эгер эреже бузулса, патрулдук милицияга жөнөтүлөт.


"Түштүк магистралдагы коомдук транспорт үчүн чийилген сары тилкеге түшүп алган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат", — деп жазылат билдирмеде.


Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы мамилеге көз салуу үчүн салонго дагы камералар коюлганы маалым болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн