Теке 29, 2025
Убакыт: 09:19
USD
87.20
87.70
EUR
100.80
101.80
RUB
1.060
1.095

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 3 адам куткарылды

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 3 адам куткарылды


Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн 3 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Орто-Сай айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм жана штаб тартылып, өрт 06:02де толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен 3 адам иске ууланып, куткаруучулардын ыкчам аракетинен куткарылып, учурда абалдары туруктуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн