Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте сот кызматкери 45 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

04.11.2023 16:01
578
Бишкекте сот кызматкери 45 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Экономикалык иштер боюнча соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Сот аткаруучу өлкөдөн сыртка чыгууга чектөөнү алып салуу маселеси боюнча оң чечим чыгарганы үчүн 45 миң сом талап кылган. Ал бул сумманы алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалды.

«Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү административдик, жарандык жана жазык иштери боюнча айыптарды жана тиешелүү мамлекеттик алымдарды мамлекетке өндүргөн бирден-бир мамлекеттик орган болуп саналат. Ошондуктан, УКМК системалуу мүнөздөгү окшош (үстүнө коюлган) фактыларды документтештирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда», — деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн