Кулжа 15, 2025
Убакыт: 21:39
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштеп баштайт, - ИИМ

09.10.2020 20:58
998
Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштеп баштайт, - ИИМ

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-октябрь күнү президент Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20:00дөн баштап, 2020-жылдын 21-октябрына саат 08:00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.

Бишкектин коменданты болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалды.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында өзгөчө абал 10-октябрдан тарта киргизилерин билдирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн