Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте мектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды

Бишкекте мектеп-интернаттан өрт чыгып, 600дөй адам эвакуацияланды


Бишкек шаарында алдын ала маалымат боюнча, Алыкулов көчөсүндө жайгашкан мектеп-интернатынын актовый залынан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартыды.

Имараттан болжол менен 600дөй адам эвакуацияланып, тилсиз жоо саат 14:25 чектөөгө алынды.

"Бактыга жараша жабыркагандар жок. Такталган маалымат боюнча, актовый залдын чатырынын 50 чарчы метри күйүп, түтүн каптаган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн