Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 00:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте мекемелердин тосмолорун алуу уланууда

11.05.2022 17:44
749
Бишкекте мекемелердин тосмолорун алуу уланууда

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда мыйзамсыз тосмолор жана курулуштарды алуу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, акимчиликтин кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, №12 жана 13 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз тосмолорду алууда.


«Кыргызалтын» ААКнын, «Сейтек» Балдардын жана жаштардын улуттук борборунун, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун, Жибек-Жол-Манас кесилишиндеги Ж.Баласагын атындагы КУУнун, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын, Арабаев атындагы университеттин, Ю.Абдрахманов көчөсү №166, Ю.Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор демонтаждалды", - деп айтылат билдирүүдө.


Бул багыттагы иштер улантылат.


Белгилей кетсек, буга чейин тосмолорду демонтаждоо боюнча билдирүүлөр жөнөтүлгөн.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн