Кулжа 06, 2025
Убакыт: 06:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды

04.06.2025 13:00
48
Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды


Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды. 


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, 23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан. 


Ортодогу чыр-чатактан улам И.Р.Д. аттуу жаран 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган «Grand Power Т 12» маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, катышуучуларды көздөй багыттап, өлтүрөм деп коркуткан.


Жыйынтыгында И.Р.Д. аттуу жаран Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте жеринде кармалган. 


Белгилей кетсек, И.Р.Д.ны текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган.


Териштирүү иш-чаралардын негизинде андан эки даана мылтык, бир даана жарым автоматтык ок атуучу курал жана аларга тиешелүү ок-дарылары табылып алынган.


Шектүү 24-майда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн