Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок, унаасын мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуга айып салынды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол тескөөчүлөрү Махатма Ганди көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан “Volkswagen ID.6 Crozz” унааны токтотушкан.
Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок жана унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча айдоочуга карата 21 миң сом айып салынын унаасы айып короо жайына токтотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн