Бүгүн саат 7.30дар чамасында борбор калаадагы №6 мектеп-гимназиясына акыркы коңгуроо аземине эки мектеп окуучусу унаа айдап келишкен.
Патрулдук милиция кызматкерлеринин айтымында, 9-класстын окуучусу жол тандабас, 11-класстын окуучусу жеңил унаа айдап келген. Эки унаада тең мектеп окуучулары болгон. Маалым болгондой, өспүрүмдөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү жок болгондуктан, унаалары убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Жол эрежесин бузуулар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Патрулдук милиция бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринен балдарына унаа айдап чыгуусуна жол бербөөнү суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн