Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте активисттер дарыгерлер үчүн обсервация уюштурушту (сүрөт, видео)

22.07.2020 16:05
1005
Бишкекте активисттер дарыгерлер үчүн обсервация уюштурушту (сүрөт, видео)


Бишкек шаарында активисттер дарыгерлер үчүн обсервация уюштурушту. Бул тууралуу продюсер Мирлан Даанышман “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


Анын айтымында, өкмөткө активисттер жардам сунуштап, жыйынтыгында дарыгерлерге обсервация уюштурушкан.


“Кызыл аймактарда иштеп жаткан 10 дарыгерге “Улукман” обсервациясын уюштуруп, ак халатчандарды жатакана, тамак-аш жана күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселер менен камсыздап жатабыз. Республикалык штабдан 18 дарыгер бар экенин айтканда, алардын онун кабыл алганбыз. 


Ал эми каржы маселеси командабыздагы ондой улан-кыздын жеке эсебинен болду. Мындан тышкары коомдо ыктыярчы адамдар абдан көп болуп жатат. Тамак-аш маселесине келгенде мен тамак алып барайын деп сурангандар бар. “Шоро” компаниясы сууларын алып келди, эмеректерди бир жигит алып келип берди. Биздин обсервациядагы ыктыярчылар карапайым элдин эсебинен иштеп жатат”, - дейт ал.


Ошондой эле ал дарыгерлердин келгенине 10 күндөй болуп калганын айтып, калган бир жумалык убактысын Ысык-Көлгө уюштурууну пландап жатканын кошумчалады.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн