Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:49
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта бир тараптуу болот

04.01.2024 15:33
434
Бишкекте Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта бир тараптуу болот


Бишкектин Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта автокаттам үчүн бир тараптуу болуп өзгөрөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Жаңы эреже менен төмөнкүдөй кыймыл киргизилет:

- Турусбеков көчөсүндө Москва көчөсүнөн тарта Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүк тарапты көздөй жүрөт;

- Үмөталиев көчөсүндө Жибек Жолу проспектинен тарта Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүккө карай жүрөт.


Буга чейин борбор калаанын Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү автокаттам үчүн бир тараптуу болгон. Бул автоунаа тыгындарынан арылтуу жана каттамдарды жакшыртуу максатында жасалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн