Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:15
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкекте тез жардам унаасы менен КамАЗ кагышып ак халатчандар жаракат алды (видео)

18.06.2020 15:09
1022
Бишкекте тез жардам унаасы менен КамАЗ кагышып ак халатчандар жаракат алды (видео)

 

Бишкек шаарында тез жардам унаасы менен КамАЗ кагышып медицина кызматкерлери жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын патрулдук милициясынан тастыкташты.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июнда саат 13:40 чамасында Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы менен КамАЗ кагышып медицина кызматкерлери жана оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу бейтапканага жеткирилген. Жеринде патрулдук милиция кызматкерлери иш алып барууда.


Ал эми кырсыктын эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн