Теке 29, 2025
Убакыт: 06:56
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда унаа ташыган жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда унаа ташыган жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти


Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда унаа ташыган оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11:02де Тоң районуна караштуу Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаарынан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлдү.

Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн