Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бир суткада дагы 12 медкызматкеринен коронавирус аныкталды

01.06.2020 10:11
1046
Бир суткада дагы 12 медкызматкеринен коронавирус аныкталды

 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-июндагы брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, илдет Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 6, Ош облусунда – 1 ак халатчандан чыккан.


Ал эми сутка ичинде 3 медкызматкер стационардан айыгып чыгарылган.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 362 учур катталды, алардын ичинен 252 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн