Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:49
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Былтыр чек ара чырында жаракат алган чек ара кызматкерине 2 бөлмөлүү батир берилди

19.10.2023 17:27
398
Былтыр чек ара чырында жаракат алган чек ара кызматкерине 2 бөлмөлүү батир берилди


Бүгүн, 19-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган чек ара кызматкери Инхамов Таирбек Давранович менен жолугушту.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушууда Ташиев Таирбек Инхамовго Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Мындан сырткары, УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, алардын баласы өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Т.Инхамов минометтун жарылуусунан жаракат алып, эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда Т.Инхамов ата-энеси менен жашайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн