Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 09:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Баткендик жаштар классташына үй салып беришти (фото)

27.05.2020 16:41
1925
Баткендик жаштар классташына үй салып беришти (фото)


Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургундары, 7 адамдан турган Зулпуевдердин чоң үй-бүлөсү үйлүү болушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген досуна үй салуу демилгесин мектепте чогуу окуган классташтары көтөрүп, ашар жолу менен аны ишке ашырган. Жаштар курулуш материалдары үчүң жалпы 350 миң сом каражат сарпташкан.


Демилгелүү жаштарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн