Кулжа 13, 2025
Убакыт: 11:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Баткенде жалпы аянты 2,2 га болгон мүлктүк комплекс мамлекетке кайтарылды

12.06.2025 09:24
42
Баткенде жалпы аянты 2,2 га болгон мүлктүк комплекс мамлекетке кайтарылды


Баткен "Агроснабтехсервисинин" мүлктүк комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен шаарында жайгашкан 2,26 га аянттагы жер тилкеси менен Баткен "Агроснабтехсервисинин" мүлктүк комплексин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды.


"Кылмыштардын бирдиктүү реестри" Автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында "Базар Башы" ЖАКтын жетекчилиги өз аракеттерин мыйзамсыз деп таап, акционерлердин протоколдук чечими менен 2,26 га аянттагы жер тилкеси менен "Агроснабтехсервис" мүлктүк комплексин мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.


УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн