Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Баткенде жыйылган дөңгөлөктөр өрттөнүп, 30 жаштагы адам ооруканага түштү

06.05.2020 09:43
997
Баткенде жыйылган дөңгөлөктөр өрттөнүп, 30 жаштагы адам ооруканага түштү


Баткен облусунун Лейлек районунда өрттүн кесепетинен 30 жаштагы адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кулунду айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө иштебеген май куюучу жайдын (АЗС) жанында 24 чарчы метр таштанды (дөңгөлөктөр)  күйгөн.


Өрттүн кесепетинен 30 жаштагы эркек адам I жана II даражадагы күйүк жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандыраарлык экени айтылат.


Ал эми өрт электр  ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан улам келип чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн