Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Баткенде мөмө-жемиштерди аткезчилик менен ташып бараткандар кармалды (фото)

07.05.2020 14:41
1241
Баткенде мөмө-жемиштерди аткезчилик менен ташып бараткандар кармалды (фото)


 

Кадамжай РИИБнин кызматкерлери 5-май күнү санитардык-карантиндик посттон Кадамжай шаарынан өткөн Ош-Исфана автожолунда Баткен-Ош багытын көздөй бара жаткан DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 3 унааны жана VOLVO үлгүсүндөгү 2 унааны токтотушкан.



Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдагандай, кызматкерлер айдоочуларды короновирус илдети боюнча текшерген учурда унааларда кургатылган мөмө-жемиштерди аткезчилик жол менен жүктөп бара жаткандыгы аныкталган.

 


Кадамжай РИИБи бул факт боюнча тиешелүү материалдарды топтоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Баткен облусу боюнча тергөө бөлүмүнө өткөрүп берди.       

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн