Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Баткен жана Лейлек райондорунун чек арадагы тургундары коопсуз аймакка көчүрүлүүдө

Баткен  жана Лейлек райондорунун чек арадагы тургундары коопсуз аймакка көчүрүлүүдө

Баткен  жана Лейлек райондорунун чек арадагы тургундары коопсуз аймакка көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү ЖК комиссиясы менен биргеликте бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттарын (ПВР) ачып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш чаралар уюштурулуп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) чыгып жатышат.

Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. 


Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пунктарына келген жарандар да бар

саат 10:30га карата: Лейлек району боюнча: Жаны-Жер а/а Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз элдери өз алдынча чыгып кетишкен.


Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө. 

Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн