Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

БШК Адахан Мадумаровдун тарапташтарын коркуткандар боюнча ишти иликтейт

18.12.2020 06:56
938
БШК Адахан Мадумаровдун тарапташтарын коркуткандар боюнча ишти иликтейт

17-декабрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ыкчам иликтөө боюнча координациялык тобуна "Азаттык" үналгысынын сайтында "Мадумаров Ысык-Көл облусундагы үгүт иштерине тоскоолдук кылгандыгын жарыялады" деген макала жарыялангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


"Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров КТРКнын эфириндеги кайрылуусунда, анын Ысык-Көл облусундагы штабынын мүчөлөрүнө белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болгонун айтты", - деп билдирет БШК.


Бул тууралуу 17-декабрда Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага кабар берилген.


Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын координациялык тобу бул боюнча текшерүү иштерин баштаганын кабарлады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Коркутуулар болгон жок деп Бшк жыйынтык чыгарат.