Аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран УКМК тарабынан кармалды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө УКМК тарабынан Кыргызстандын Т.Ж. атуу жарандын катышуусундагы видеоматериал аныкталып, анда анын аракеттеринде аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар экендиги такталган.
Буга байланыштуу, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Т.Ж. аттуу жаран УКМКга жеткирилип, тергөө органдары тарабынан суракка алынган.
2025-жылдын 31-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Т.Ж. кармалып жана Бишкек шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козутууга чакырыктарга жол берилбестигин эскертет. Эгерде мындай фактылар аныкталса, аларга мыйзамга ылайык катуу бөгөт коюлат",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн