Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Аскат Сыдыковду Жогорку Соттун судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотушту.
Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн Соттор кеңеши мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү дисциплинардык жаза колдонгонун билдирди.
Депутат Исхак Масалиев март айында Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттордун акчасын чогултканы үчүн сөгүш алганын эске салды.
"Бул кынтыксыздыкка туура келеби? Мага кат жүзүндө жооп бериңиз" деди ал Алмасбек Абытовго. Ал макул болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн