Теке 01, 2025
Убакыт: 20:37
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

Арабаев университетинде 59 чет элдик студент окуудан четтетилди

01.07.2025 15:20
20
Арабаев университетинде 59 чет элдик студент окуудан четтетилди


И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кызматтык жасалмачылык фактыларын аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан жогорку билим берүү тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында университетте чет өлкөлүк студенттердин билим алуусуна байланыштуу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар келип түшкөн.


Тактап айтканда, окуу жайына расмий түрдө кабыл алынган бир катар чет өлкөлүк студенттер иш жүзүндө өлкөдө жок экендиги жана Кыргызстандын чегинен тышкары болуп, окуу процессине катышпаганы аныкталган.


Бул факты боюнча "Кызматтык жасалмачылык" беренеси менен кылмыш иши козголду.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, анда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар тастыкталган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында чет өлкөлүк 59 студентти окуудан чыгаруу чечими кабыл алынды:


  • Өзбекстандын 30 жараны;
  • Казакстанднын 20 жараны;
  • Россиянын 9 жараны.


Азыркы учурда УКМК университеттин окутуучулук жана административдик курамындагы аныкталган тартип бузууларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.


УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча системалуу иштер улантылып жатканын билдирет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн жарандарды ушундай фактылар жөнүндө компетенттүү органдарга малымдоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн