Кулжа 25, 2025
Убакыт: 19:53
USD
87.20
87.70
EUR
101.00
102.00
RUB
1.108
1.135

УКМК: Жалал-Абад ОИИБнын Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилери кармалды

25.06.2025 17:15
14
УКМК: Жалал-Абад ОИИБнын Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилери кармалды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 


Алар кол алдындагы кызматкерлерди айдоочулардан акча чогултууга мажбурлаган.


"Кайгуул-күзөт кызматынын командири Ж.А.А. кызматтык абалынан пайдаланып кол алдындагыларды коомдук тартипти жана жол эрежесин бузгандардан акча талап кылууга мажбурлаган. Мындан сырткары, ал "кызматтан алынасыңар" деп коркутуп, взвод командирлеринен жумасына 20–30 миң сомдон алып турган. Өз кезегинде взвод башчылары катардагы кызматкерлерди элден акча чогултууга тапшырма берип турган", — деп айтылат маалыматта. 


23-июнда полковник Ж.А.А., ага лейтенант М.К.Т., кенже лейтенант К.Т.А., прапорщик А.А.Р. шектүү катары кармалган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн