Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:25
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Аквапарктагы окуучу баланын өлүмү боюнча эки кылмыш иши козголду

07.06.2022 11:58
635
Аквапарктагы окуучу баланын өлүмү боюнча эки кылмыш иши козголду

“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду.


Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, 2022-жылдын 6-июнунда болжол менен саат 11:00дө "102" кызматына ""Ала-Тоо" аквапаркындагы бассейнге бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.


Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткендигин аныкташкан.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127-чи (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 297-беренелеринин (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-экспертиза дайындалды.


Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн