Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Аксыда нааразы болгондор жолду тосушарын айтты

04.01.2021 16:09
817
Аксыда нааразы болгондор жолду тосушарын айтты

Аксынын Ак-Дөбө айылынын тургундары 4-январда кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы билдирди.


Маалыматка ылайык, айыл тургундары УКМКдан  Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына барып, камактагы Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун үй камагына чыгарылышын талап кылышууда.


Аталган жарандар 2020-жылдын 7-октябрында Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган. Ал күнү Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүүнү талап кылып чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолуп, бир киши каза болгон, алты киши жараат алган.


Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн