Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 21:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акылбек Жапаров баштаган министрлер Исхак Раззаковдун эстелигиние гүл койду

25.10.2021 14:14
556
Акылбек Жапаров баштаган министрлер Исхак Раззаковдун эстелигиние гүл койду

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басарлары Бишкек шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Исхак Раззаков – Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө зор салым кошкон белгилүү замандаштарыбыздын катарына кирет.


Акылбек Жапаров билдиргендей, Исхак Раззаков өз өлкөсүнө жана элине ак ниет жана берилүү менен кызмат өтөөнүн жаркын үлгүсү боло алат, ал эми анын аты өлкөнүн тарых барактарында сакталат.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Ал 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын биринчи катчысы кызматын ээлеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн