Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акылбек Жапаров «Zijin Mining» кытай корпорациясынын делегациясы менен "Алтынкен" ишканасынын ишмердүүлүгүн талкуулады

03.03.2022 11:14
520
Акылбек Жапаров «Zijin Mining» кытай корпорациясынын делегациясы менен "Алтынкен" ишканасынын ишмердүүлүгүн талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Zijin Mining» кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги да катышты.


Белгилесек, 2011-жылдан тарта «Zijin Mining» тоо-кен корпорациясынын туунду компаниясы саналган «Supurb Pacific Ltd» компаниясы «Алтынкен» ЖЧК уставдык капиталынын 60% үлүшүнө ээ.


Жолугушууда Талдыбулак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн