Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:28
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Акылбек Жапаров: Керек болсо Бажы кызматынын кызматкерлерин бир күндө алмаштыра турган система иштелип чыгууда

21.11.2022 11:54
452
Акылбек Жапаров: Керек болсо Бажы кызматынын кызматкерлерин бир күндө алмаштыра турган система иштелип чыгууда

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө токтолду.


Акылбек Жапаров Бажы кызматындагы коррупция эң баш ооруткан маселе экенин билдирди.


"Биз Бажы кызматында баш ооруткан маселени билебиз. Керек болсо бир күндө бардык кызматкерлерди жумуштан кетирип, ордуна институтту жаңы бүткөн кызматкерлер келе тургандай система даярдап жатабыз",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн