Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:52
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акылбек Жапаров Финансы министринин орун басарына сөгүш жарыялады

10.03.2022 19:31
592
Акылбек Жапаров Финансы министринин орун басарына сөгүш жарыялады

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.


Ошондой эле, Министрлер кабинетинин төрагасы жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн