Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексайдын» башчысы менен экологиялык маселелерди талкуулады

19.01.2022 19:46
1070
Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексайдын» башчысы менен экологиялык маселелерди талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.


Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.


Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.


Маалымдама: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25%ы – «Кыргызалтын» ААКсына, 75%ы «Эти Бакыр» түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн