Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 15:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акылбек Жапаров Абдулла Арипов менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

31.12.2021 11:18
679
Акылбек Жапаров Абдулла Арипов менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.


Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду кирип келе жаткан 2022-жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми бир тууган өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүп-өсүүнү каалады.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн