Кулжа 26, 2025
Убакыт: 16:31
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.110
1.135

Акчаны буюмдарга, кызматтарга, кыялдарга алмаштырыңыз

26.06.2025 11:01
22
Акчаны буюмдарга, кызматтарга, кыялдарга алмаштырыңыз


“Байланыш түз! Акча сага башка адамдар аркылуу келет. Пайдалуу алакаларды туура жүргүзүү жемишин берет” деген дүйнөдөгү алгачкы расмий доллардык миллиардер Жон Дэвисон Рокфеллер.


Адамдар менен көбүрөөк байланыш түзүүгө аракет кылыңыз. Анткени жашоодо сизде акча гана эмес, достор да бар экенине кубаныңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга белек берүүдөн тартынбаңыз, бул сиздин аң-сезимиңизге “акча – бул жакшы нерсе” деген ишенимди бекемдеп, жашооңузга байлыктын көп келишине өбөлгө болот. Акчаны буюмдарга, кызматтарга, кыялдарга алмаштырыңыз. Досторуңуз менен кинотеатрга барыңыз, жакшы ресторандарда баарлашыңыз, саякатка чыгыңыз. Бул жерде психологиялык бир мааниси бар: жагымдуу жолугушуулар көп болгон сайын маанай жакшырат, келечек үчүн тынчсыздануу азаят, максаттарга жетүүдө мотивация күчөйт. Мындан да сапаттуу иштегиңиз келет жана кирешеңизди көбөйтүүгө умтуласыз. Жашап жатканыңызга сүйүнүңүз, анткени, жашоонун бир эле күнүн эч кандай акчага сатып алуу мүмкүн эмес.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн