Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:34
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

8-апрель: Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды

08.04.2020 10:07
1338
8-апрель: Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды


Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын 42 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын 16сы эркек киши жана 26 аял бар. Жаңы катталган бейтаптардын 13ү медицина кызматкерлери. 

Жаӊы катталгандар:

Бишкекте – 10
Чүй облусунда – 2
Ош облусунда – 24
Жалал-Абад облусунда – 1
Нарын облусунда – 5


Бүгүн жаңы катталган учурларды кошкондо Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 270ге жетти.


Алардын ичинде: 

Ош облусунда – 97
Ош ш. – 33
Жалал-Абад облусунда – 81
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 10
Чүй облусунда – 7
Бишкек ш. – 35
Ысык-Көл облусунда – 3


Коронавирус жуктургандардын арасында 32 дарыгер бар.   


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн