Кулжа 15, 2025
Убакыт: 09:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

21 жаштагы жигит 4 кг баңгизат менен кармалды

05.11.2020 17:16
695
21 жаштагы жигит 4 кг баңгизат менен кармалды

Бүгүн Жалал-Абадда 21 жаштагы жигит 4 кг баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИдин басма сөз кызматы кабарлады.


Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан белгисиз атуул баңгизатын көтөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынып, алынган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталган жана анын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам маалыматтын негизинде, 4-ноябрь күнү саат 14-00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде, №10 Жазаларды аткаруу мекемесинин жанында Базар-Коргон районунун тургуну 1999-жылы туулган М.Д. текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда ал көтөрүп жүргөн асынма сумкасынын ичинен 3 кг 860 гр «гашиш» баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар маңзат алынып, М.Д. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Кылмышка шектүү М.Дга карата кылмыш иши ачылып сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн