Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:08
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

1-февралдан Казакстанда коронавируска каршы элди жапырт эмдөө башталат

29.01.2021 08:48
670
1-февралдан Казакстанда коронавируска каршы элди жапырт  эмдөө башталат

Казакстанда 1-февралдан  COVID-19га каршы калкты жапырта  эмдөө башталат. Бул тууралуу  казак басылмалары жазды.

Белгилүү болгондой, казак өкмөтү ушул жылдын аягына чейин 6 миллион калкты эмдөөнү пландаган.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Шоранов эмдөөнүн биринчи баскычында Орусиянын "Спутник-V" вакцинасы колдонуларын билдирген.


"Калкты эмдөө этап-этап менен жүргүзүлөт. Февралдан тарта медкызматкерлер эмделет. Жалпы жыл соңуна чейин 6 миллион адамды эмдөө пландалды. Булардын катарында 18 жаштан кичүү өспүрүмдөр жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн