Кулжа 16, 2025
Убакыт: 05:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

20.07.2022 13:29
752
1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт


1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы орто эсеп менен 50%га көтөрүлдү. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев Бишкекте өткөн брифингде билдирди.


Анын айтуусуна караганда, пенсиянын да көлөмү 50 пайызга көбөйтүлөт (пенсиянын базалык бөлүгү).

«1-августтан тарта 58 миңге жакын мамлекеттик айлыгы көтөрүлөт», - деп кошумчалады ал.

Министр милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй тургандыгын айтты. "Анткени алардын айлыгы былтыр көтөрүлгөн. Быйыл Ички иштер министрлигинин жарандык кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт», - деди Бакетаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн