Теке 07, 2025
Убакыт: 18:10
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Өзгөндө мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 22,4 га жер мамлекетке алынды

07.07.2025 13:26
15
Өзгөндө мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 22,4 га жер мамлекетке алынды


Өзгөн районунда мурда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 22,40 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат Өзгөн районунда жайгашкан жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча, башкача айтканда мурда козголгон кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.


2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде "жер мафиясынын" мүчөлөрү Баш-Дөбө айыл аймагынын кызмат адамдарынын, Баш-Дөбө аайылдык кеңешинин депутаттарынын, Өзгөн райондук архивинин кызматкерлеринин жана Өзгөн шаарынын тургундарынын ичинен тиешелүү токтомдорду артка карай жасалмалаганы аныкталган. Анын негизинде 22,4 га жер "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына өзгөртүлгөн.


Кийинчерээк "Жер мафиясынын" катышуучулары бул жер участокторун Баш-Дөбө а/а жана Өзгөн шаарынын айрым тургундарына сатып, бул бүтүмдөрдөн ири пайда алышкан. Алардын кылмыш иштеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Бул окуяга байланыштуу "жер мафиясынын" 9 мүчөсү: У.Ы.Д., И.И.А., С.М.Т., И.К.А., Н.М.А., А.Б.К., И.А.У., З.К.Р. жана Ю.К.М. кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 


Натыйжада 22,4 гектар жердин 11 ектары "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКка көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн берилди.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишинин материалдары соттун кароосуна өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн