Теке 01, 2025
Убакыт: 15:40
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.110
1.135

ОСАГО: Унаа ээлерине 1-сентябрга чейин убакыт берилет

01.07.2025 09:00
30
ОСАГО: Унаа ээлерине 1-сентябрга чейин убакыт берилет


ОСАГО камсыздандыруу полисин алып үлгүрбөй калган жарандар үчүн 2025-жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилет. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, Женишбек Жоробеков жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков жолугушкан учурда белгилүү болгонун, уюмдун басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин ОСАГО полисин албаган жарандарга 1-июлга чейин убакыт берилген. Аталган күндөн тарта полиси жок авто унаа ээлерине 3000 сомдун тегерегиндеги айып пул салына баштамак.


Маалыматта белгиленгендей, жолугушууда 1-июлдан тарта күчүнө кире турган “ОСАГО” жөнүндөгү мыйзам боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселеси талкууланды. Элдияр Калдарбеков жарандарга мыйзам талаптарын кеңири түшүндүрүү жана учурда техникалык себептерден улам полис алып жетишпей калган жарандарга түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин белгиледи.


Ал эми ЖКККББ кызматкерлери мындай жагдайда жарандарга түшүндүрүү мүнөзүндөгү эскертүү берүү жана полис алуу жолдорун көрсөтөт.


Белгилей кетсек, жарандар “Түндүк” тиркемеси, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары, ошондой эле MegaPay, MBank мобилдик тиркемелери же страхование.kg сайты аркылуу ОСАГО полисин онлайн түрдө ыкчам жана ыңгайлуу ала алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн