Өзгөн районунда күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу, логистикалык борбор курулат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Өзгөн күрүчүн экспортко чыгаруу үчүн «СASA 1000» долбоорунун алкагында 6 млн 800 миң сом акча каражаты бөлүнүп, акыркы үлгүдөгү экспортко чыгууга керектүү заманбап жабдууларды алынган.
Мындан сырткары, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан аткарылып жаткан Өзгөн күрүчүнө100 млн сом акча каражаты 1.5% менен Өзгөн күрүчүн өнүктүрүү максатында керектүү трактор, комбайн, экскаватор, ХОВО, портер, дары чачуучу дрондор, күрүч эгүүчү техникаларды алынат.
Натыйжада, дыйкан-фермелер үчүн күрүч айдап-себүү, оруп алууда, жыйнаган түшүмүн экспортко чыгарууда мыкты шарттар түзүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн