Бугу 29, 2025
Убакыт: 16:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.30
99.30
RUB
1.103
1.130

Өзгөндө 20 жылдыкка барган аялын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Өзгөндө 20 жылдыкка барган аялын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды


Өзгөндө аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. 


Маалыматка ылайык, 26-майда РИИБге 37 жаштагы аял алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 


Милиция "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгонун, маркумдун күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. 


Маалыматтарга ылайык, кара-кулжалык келин айылына 20 жылдыкка барып келгенден кийин жолдошу кызганычтан мылтык менен атып салган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн