Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Өзгөчө кырдаалдар министри чек арада жабыркаган Максат айылына барды

12.07.2021 19:04
947
Өзгөчө кырдаалдар министри чек арада жабыркаган Максат айылына барды


Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министири Б.Ажикеев Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Лейлек районунун Максат айылына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.



Иш сапардын алкагында Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен талкаланган турак үйлөрдүн ордун калыбына келтирүү иштери башталгандыгын жана ушул жайдын аягына чейин иш чаралар аягына чыгып, колдонууга берилерин айтып өттү.


Эскерте кетсек, ӨКМ тарабынан тажик тараптан куралдуу кол салуудан жабыркаган 136 турак жайдын ордулары тазаланып, 32 көчмө үй жана 61 чатыр тигилди. 


Жабыр тарткан элге 1716 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн