Бүгүн, 7-августтан тарта 5-сентябрга чейин Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүнө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну жана транспорт тыгындарын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн