Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:43
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өзбекстанда пенсияга байланыштуу нааразычылык акциясы өтүп, жол тосулду

30.05.2021 07:37
890
Өзбекстанда пенсияга байланыштуу  нааразычылык акциясы өтүп, жол тосулду

Өзбекстанда, Каракалпакстан республикасынын борбор шаары Нукуста пенсия маселесине байланыштуу нааразылык акциясы өттү.


“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, 27-майда он чакты аялдан турган топ шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирин тороп, жол кыймылын убактылуу үзгүлтүккө учуратышты.


Нукус шаарынын администрациясы билдиргендей, нааразы тургундар пенсия жана жөлөкпул төлөө бир нече күнгө создукканына каршы чыгышкан. Акчанын кармалышына “Социалдык коргоо боюнча бирдиктүү реестр” маалымат системасындагы мүчүлүштүктөр себеп болгон.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн