Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 15:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Өзбекстан менен бардык тармакта кызматташуу бекемделет. Президент Москвада Мирзиёев менен жолугушту

09.05.2023 19:20
730
Өзбекстан менен бардык тармакта кызматташуу бекемделет. Президент Москвада Мирзиёев менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Москвада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүгүүсүн арттырууга макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн