Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 03:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өзбекстан COVID-19га каршы 15 млн доза вакцина алат

29.01.2021 17:20
806
Өзбекстан COVID-19га каршы 15 млн доза вакцина алат

Өзбекстан калктын 20 пайызын коронавируска каршы эмдөө үчүн 15 миллион доза вакцинаны буюрган. Бул тууралуу Өзбекстандын Санитардык-эпидемиология жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Атабеков билдирген.


«Жалпысынан 7 миллион адамды эки жолу эмдөөгө болжол менен 15 миллион доза вакцина жеткирилет. Алгачкы этапта 100 миң доза вакцина алып келип, 50 миңге жакын адамды эмдөөнү пландап жатабыз», - деди ал.


Калкты коронавируска каршы эмдөө үчүн кайсы вакцинага буйрук берилгени тактала элек.


Эске сала кетсек, өзбек өкмөтү коронавируска каршы вакцина сатып алуу үчүн 3 триллион сум бөлө турганын жарыялаган.

Булак: Centralasia

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн