Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:26
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Өзбекстан 2021-жылы 7,5 миллиард доллар инвестиция тартууга белсенүүдө

24.12.2020 17:35
794
Өзбекстан 2021-жылы 7,5 миллиард доллар инвестиция тартууга белсенүүдө

 Өзбекстан келерки жылы 7,5 миллиард доллардан ашык чет элдик түз инвестиция тартууну пландаштырууда. Мындай маселе кечээ президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында өткөн жыйын учурунда айтылды.Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугу жана 2021-жылга инвестиция жана тышкы соода жаатындагы негизги милдеттер талкууланды. Ар бир долбоордун алкагында инвестициялык фонддорду толук жана өз убагында өздөштүрүү боюнча чаралар аныкталды. Ушул инвестициялардын эсебинен 226 ири долбоорду өз убагында ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.


Өзбекстанда келерки жылы экспорттун көлөмү болжол менен 17 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда. Ушуга байланыштуу, жооптуу адамдарга алдын ала экспорттук келишимдерди түзүү жана 1-январдан баштап Экспортту колдоо фондунун эсебинен экспортко чейинки каржылоо тутумун түзүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн